www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр мафиясы» бергенинен да, алганынан да не деген оор тозокту башыбызга үйүп салды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда эркин журналист Кенжебек Арыкбаев билдирди.

«Журналистика - бул коомдун тамырын кармап, анын пульсуна баа берип турчу кесип. Жер бетинде миң түркүн түстөр бар сыяктуу эле адамдардын көз караштары да түркүн, калемгерлер жазгандардын, алардын сын пикири же бирөөгө болгон алкоосу баарына эле бир тараптуу кабыл алына бербейт. Айрымдар туура кабыл алса экинчиси тескериленип кетет. Телегей да. Мындай кызыкчылыктардын кагылышы журналистиканын практикасында көп кайталанат...

Айтайын дегеним бул: барикаданын аркы жээгиндебизби же берки жээктебизби, бирок бир чындыкты моюнга алганыбыз оң.  Азыр, учурда, өзгөчө «кылым аферасына» айланган Кумтөр маселеси боюнча бир топ «акулалар» жипке тизилген шурулардай болуп, улам биринин артынан бири камакка алынууда. Жээктин экинчи тарабында алардын бир ууч тарапташтары, жакындары, туугандары «жалпы элдин атынан» жар салышып ал мырзаларды «элдин уулу», «мыкты, патриот, акактай таза, эч күнөөсү жок, эл силер менен» жана башка ушул сыяктуу тариздеги аракеттерин жандандырып, улантып да жатат. А бирок, көкүрөктү колго коюп, ошо акыйкат деген баалуулуктун алдында чөгөлөп, ушул маселеге баа салып көрсөк...?

«Кумтөр мафиясы» бергенинен да, алганынан да не деген оор тозокту башыбызга үйүп салды. Алтын казгандар жана алардын ошол кадамдарына жол бергенге тиешеси барлардын айынан миң жылдап пайда болгон табиятыбыз орду толгус кыйроого учурады. Керемет жаратылышыбызга миң тонна эмес, миллиондогон тонна уу заттар төгүлө берип Кыргызстандын кымбат жери химиялык, радиоактивдүү заттардын «көрүстөнүнө» айланды!

Мүрөктүн суусу аккан калдайган беш мөңгүбүздөн айрылдык. Так ушу таза суу боюнча жер бетинде азыр эмне деген гана коңгуроолор кагылып жатат. Суу тууралуу өткөн Эл аралык форумдарда «2025-жылы жер планетасындагы жалпы адамзаттын 50 пайызы суу көйгөйүнө тушукса, 2050-жылы 75 пайызы таза суунун таңсыздыгына кириптер болушат» деп безеленип жатышат, окмуштуулар. Биз болсо бирөөлөргө алтындан да, нефтиден да кымбат турган ушундай кенчибизди талкалаттык.

Каратып туруп 27 жыл бою талкалаттык. Чейрек кылымдан ашкан ушул убакыт бою элибизге түздөн-түз тиешелүү байлыгы болгон Кумтөрдүн «акционерлер» аталган бир ууч топтогу «мафиялары» эл байлыгынын эсебинен, муңга баткан жаратылыштын көз жашынан миллиондогон «жашылбайларды» саап, маарып, жалпы журттун ырыскысын, табиятыбыздын тамшандырган байлыгын жалмап келишти. Эми мунун азабын кыргыз эли кылымдар бою тартат, кыйраган жаратылышты эч ким калыбына келтире албайт!

Демек! Демек, элдин жараткандан берилген ырыскысы болгон аталган алтын кенди казуучуларга көз жумуп, ошондой «чыккынчылык» келишимге кол койгондор да, аны колдоп, эл берген ДЕПУТАТ деген улуу статусту пайдаланып, ошол талоонду мыйзамдаштырууга жалпы элдин атынан добуш бергендер да баары жооп бериши керек. Далай убакыттан бери ЖКда кен тармагын тейлеп келген комитеттин башчысы Кожобек Рыспаев дагы, башкалары да!

Ошол, 2012-жылдын 25-майында С.Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын парламентте айтылган ачуу аргументтерин башка нукка буруп, ошол чакта ага удаа түзүлгөн «Мамлекеттик» делген комиссиянын жооптуу адамдары да жоопко тартылышы керек. Бул, азыркы учурда өлкөбүздү жетектеп турган КР Президентине, аталган иштин жүзүн сыйрып аткан КР УКМКсынын жетекчилигине муңга чөмүлгөн УЛУУ табигаттын талабы.

Учурдагы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун ошол чакта биздин гезитке жана башка бир топ көз карандысыз эркин басылмаларга берген маектеринен: «Кумтөр бир ууч топтун талканы эмес! Жалпы элдин ырыскысынан арам жол менен байыгандар жана аларга шарт түзүп бергендер менен аягына чейин күрөшөм!», - деп жыйынтыктаган Арыкбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости