www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы мамлекеттик ооруканаларда уу коргошун пайдаланылган жок. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-июндагы отурумунда айтты.
Депутат Дастан Бекешев мурда министр ооруканалардагы бейтаптарды коронавирустан дарылоо үчүн уу коргошун пайдаланылып жатканы тууралуу айтканын эске салды.
«Биз 400 адамга берип, клиникалык сыноо жүргүздүк. Бардык анализдерди Россия, Казакстандагы академиктерге бердик. Жыйынтыгын күтүп жатабыз», - деди министр А.Бейшеналиев.
Депутат Бекешев министрге кайрылып, жоопкерчиликтүү болууну суранды.
«Уу коргошунду жарнамалаган туура эмес. Ооба, мурун колдонулганын билебиз. Бирок биринчи эффективдүүлүгүн тастыкташ керек. Биз уят болодук», - деди депутат.
Министр болсо депутаттын сынын эске ала турганын айтты.
Булак: NazarNews.kg