www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инандынын уурдалып кетиши саясий окуя. Мындай пикирин жарандык активист Гүлжигит Исаков билдирди.

«Саясаттын дал өзү орун алып турган учурда «Орхан Инандыны тапкыла» деп митинг өткөргөндөрдүн САЯСАТТЫ СҮЙЛӨБӨГҮЛӨ дегендери, жумшак айтканда, саясатты түшүнбөгөндүк.

Айрым милиция кызматкерлери «Буларың өтө эле маданияттуу экен. Дакансалардан беш-онду кошуп алышпайбы» деп тамашалап коюшат.

Митингге келгендердин көпчүлүгүн «Сапат» мектептеринде иштегендер түзүшөт экен. Калгандары ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр.

Өмүрүндө митинг кылып көрбөгөндөрдүн айрымдары митинг уюштуруп алышып, «саясатты сүйлөсөңөр өзүнчө митинг уюштургула, топтолгондорду колдонбогула» деп дөөрүшүүдө.

15 миңдей бүтүрүүчүнүн абдан аз гана бөлүгү келип катышууда.

«Сапат» мекемеси ичиндеги жеке кызыкчылыгын аралаштырып алган мүчөлөрүнөн тазаланбаса, сырттан колдоо таба албай турганы анык жана  ар кандай  сөздөргө жем таштай турганы бекем.

Түркиядагы зулумдан сабак алынбаптыр. Ток этээр сөзүм ушул.

Мен ар дайым зулумга каршы болуп келдим. Жабыркагандар тарапта болуп келдим. Мындан ары деле ушул багытта иш алып бара берем. Залым дагы Аллахтын шапалагы (же кылычы) болгонун унутпайлы», - деп белгилеген Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости