www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында «Орхан Инанды табылсын» деген талап менен нааразычылык акциясы өттү. Алар «Сапат» лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын табылуусун жана анын жоголуусуна байланыштуу суроолорго так жооп алуу үчүн чогулушкан.

Митингге чыккандардын алдына депутаттар Самат Исманов, Нурбек Тотонов жана Шайлообек Атазовдор чыгыгышты.

Депутаттар бул маселе парламентте дагы көтөрүлгөнүн билдиришти.

«Биздин да балдарыбыз «Сапаттын» лицейлеринде окушат. Кыргыз жаранынын уурдалышы эл аралык беделибизди түшүрөт. Биз Жогорку Кеңеште бүгүн Орхан Инандыны тууралуу маалымат угабыз», – деди Шайлообек Атазов.

Эске салсак, Орхан Инанды үч күндөн бери табылбай жатат. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Учурда издөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости