www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришти.
Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан.
Жогорку Кеңештин сайтына кайсы депутат кандай добуш бергени тууралуу маалымат жарыяланды.
Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин 3-марттагы маанилүү маселе боюнча депутаттардын добуш бергени талкуу жаратты. Эл өкүлдөрү кесиптештеринин ордуна добуш берип жаткандыр байкалган. Бирок, журналисттердин камерага тартып жатканын көрүп, кээ бирлери сыр бербей отуруп калышкан.
Белгилей кетчү жагдай, бүгүнкү жыйынга эл өкүлдөрүнүн жарымынан көбү келген эмес.
Видеодо байкалгандай, Акылбек Жапаров өзүнүн катарындагы баардык кесиптештери үчүн добуш берүүчү баскычты басканын көрүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg