www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден Камбоджанын борбору Пномпенде Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин (АСЕАН) өлкөлөрүнүн лидерлери менен саммит башталар алдында сөз сүйлөп жатып, ассоциацияга төрагалык кылган өлкөнүн атын чаташтырып, Камбоджаны Колумбия деп атап алды. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
"Мен Колумбиянын премьер-министрине АСЕАНдын төрагасы катары лидерлиги үчүн жана ошондой эле баарыбызды чакырганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет" деди Байден Камбоджанын премьер-министри Хун Сенге шилтеме жасап.
Америкалык лидер мындай адашууну биринчи жолу кетирип жаткан жок. Чет элдик турнеге кетээр алдында Ак үйдө журналисттер менен болгон маегинде да Байден Камбоджаны Колумбия менен чаташтырган. Бирок, ал Батыш жарым шар жөнүндө ойлонуп жатканын айтып, сөзүн оңдогон.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти АКШ - АСЕАН жана Чыгыш Азия саммитине катышуу үчүн 12-ноябрь күнү Камбоджага келген. 13-ноябрда ал Япониянын премьер-министри Фумио Кишида жана Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары, Индия-Тынч океан аймагындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо максатында саясатчылардын үч тараптуу жолугушуусу пландалууда.
Буга чейин Байден Филадельфияда демократтарды колдоп сүйлөп жатып да жаңылып сүйлөгөн. Ал АКШнын мамлекеттик карызын бюджеттин тартыштыгы менен чаташтырган.
Булак: NazarNews.kg