www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-февралда Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн, Лейлек райондорунун тургундары чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Алар өлкө башчысынан чек араны тейлеген органдардан, жергиликтүү бийлик органдарынан кыргыз-тажик чек арасындагы маселени тез арада чечип берүүнү талап кылышууда.
«Чек ара маселесине тез арада чечкиндүү кадамдарды жасаңыз. Кошуналар күндөн күнгө жылып келе жатат. Чек араны тактаган органдарга туура кадрдык тандоо жасаңыз», — деди Баткендин жашоочусу.
Топтолгондор ошондой эле чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлбөгөнүн айтып, нааразы болушту.
Булак: NazarNews.kg