www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Пенсильванияда шайлоо алдындагы митингде сүйлөп жатып жаракат алды. Видеодо жанындагылар аны бети-башы кан болгон абалда алып кетишкенин көрүүгө болот.

Окуянын кесепетинен митингге чыккандардын бири каза болуп, дагы бирөөнүн абалы оор экенин Батлер районунун прокурору билдирди. Ок аткан адам да жашыруун кызмат тарабынан өлтүрүлгөн. Шектүүнүн өздүгү тууралуу азырынча маалымат жок.

Трамптын шайлоо штабынын өкүлү мурдагы президент "жакшы" экенин жана жергиликтүү медициналык мекемеде текшерилип жатканын айтты. Ок анын кулагынын үстүңкү бөлүгүн тешип кеткени маалым болду.

АКШнын президенти Жо Байден Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү учурундагы ок атуудан улам мурдагы президент жарадар болгонун айыптады. Ал Трамп жана анын үй-бүлөсү үчүн дуба кылып жатканын айтты.

"Анын аман-эсен экендигине кубанычтамын. Мен ага жана анын үй-бүлөсүнө, ошондой эле митингге келгендердин бардыгына дуба кылам. Америкада мындай зордук-зомбулукка орун жок. Биз улут катары биригип, аны айыпташыбыз керек", - деди Байден өз билдирүүсүндө. Ал ошондой эле Трампты коопсуз жерге жеткиргени үчүн жашыруун кызматка ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости