www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда алдамчылык боюнча соттолуп жаткан жаранга жабырлануучу бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракет кылды. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Жумашев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, сот залдарынын биринде алдамчылардан жабыркаган делген белгисиз аял шектүүгө бензин чачып, аны же балким өзүн өрттөөгө аракет кылган.

«Өрт тез арада өчүрүлүп, шектүү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - дешти окуянын күбөлөрү.

Маалым болгондой, судья алдамчылыкка шектелген жаранды камакка алуудан баш тарткан соң жабырлануучу тарап мындай аракеттерди жасоону чечкен.

Видеодо аялдын кыйкырып, ыйлап, ал акча чоң сумма болгондуктан, эмне кыларын билбей турганын айтып жатканын көрүүгө болот.

Райондук сотто алдамчылык боюнча айыпталган К.М.А.га карата кылмыш иши каралып жатканын билдирди. Бүгүн биринчи соттук отурум аяктагандан кийин иш боюнча күбө А.Г айыпталуучуга бензин чачып, ширенке күйгүзүп, аялды көздөй ыргыткан.

Сот А.Г.нын иш боюнча күбө болуп жатканын жана ал бүгүнкү отурумга чакырылбаганын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости