www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Адахан Мадумаровду "саясий таштанды" деп атады.
Бүгүнкү жыйында депутаттар Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Эмил Токтошев массалык камоолор боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуштады. Ал эми Мадумаров бул маселени биринчи кезекте кароо керектигин айтты.
Ошол эле учурда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Сүйүн Абдылдаев кечээ комитетке ИИМ менен Башкы прокуратурадан келишкенин билдирди. Бирок алар тергөө бүтмөйүн эч нерсе айта албай жатканын, андыктан чакыруунун зарылдыгы жоктугун белгиледи.
Токторбаев Мадумаров ушул жерден дагы өзүн пиарлап жатат деп сындады.
Булак: NazarNews.kg