www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган Freightliner үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип сайга кулап, айдоочусу каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Окуя трассанын 394-чакырымында Торпу деп аталган жеринде болгону айтылды. Каза болгон 60 жаштагы айдоочунун жанында келе жаткан 39 жаштагы киши жаракат алган. Ал эми көз жумган айдоочунун сөөгүн Тез жардам Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирген.
Маалыматта бензовоздогу 35 тонна күйүүчү май Кара-Суу дарыясы аркылуу Нарын дарыясына кошулуп кеткени айтылган.
Окуя болгон жерге Кара-Көл шаарынан беш куткаруучу келип, тактоо иштерин баштаган. Мындан сырткары, ИИМ кызматкерлеринин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg