www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургундары премьер-министр Улукбек Мариповго айылдын жолдорунун абалын көрсөтүү үчүн аны эски Аудиге салышкан. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Миң-Булак айылынын тургундары министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кортежин токтотуп, көйгөйлөрүн айтып, Марипов да тургундардын көйгөйүн жеринен көрүшү үчүн аны жергиликтүү тургундардын (Ауди) унаасына отургузушкан.
Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен жүрөт. Сапардын жүрүшүндө Марипов сел ташкындардан жабыркаган райондорго барат, Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы, ошондой эле бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышат.
Булак: NazarNews.kg