www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Mercedes-Benz S 500 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө адамды тебелеп, кафени сүзгөн. Маалыматты борбор калаанын Ыкчам медицина борбору тастыктады.

Жол кырсыгы бүгүн эртең менен Юнусалиев жана Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, автомашина "Кореана" кафесинин имаратын сүзгөн.

"Саат 7:00дөр чамасында чакыруу түштү. Жөө адам оор абалда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди", — деди Тез жардам кызматынан.

Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын айдоочусу жабыркаган эмес. Милиция кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости