www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Балбан Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир ыйгарылды

Токиодогу олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовго Ош шаарындагы эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган гала-концертте аталган калаадан эки бөлмөлүү батир белек кылынды. Бул тууралуу мэриянын Facebook баракчасындагы маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, шаар башчысы Алмаз Мамбетов менен президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов эки бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырган.

"Ош мэриясы, Ош облустук администрациясы жана шаардык кеңештин атынан эки бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлыктар тапшырылат", — деген мэр Мамбетов салтанаттын алдында.

Андан сырткары Ош облусунун администрация жетекчиси спортчу Махмудовго мэрия менен администрациянын атынан 10 миң доллар тапшырган. Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков кеңештин атынан 100 миң сомдук сертификатты белек кылган.

Маалыматта Махмудовдун машыктыруучуларына да акчалай белек берилгени айтылат.

Эске салсак, 2021-жылдын 3-августунда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 22 жаштагы балбаны Акжол Махмудов Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медаль уткан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости