www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбылдагы аскердик бөлүктүн кампасындагы жарылуудан кийин кызматтан кетүүгө арыз жазган коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы билдирди.

26-августта Жамбыл облусундагы аскердик бөлүктө болгон жарылууда 15 кишинин өмүрү кыйылды. Коргоо министрлиги адегенде өрт чыгып, анан курал-жарак сакталган кампада алты жарылуу болгонун бышыктады.

Аскер бөлүккө жакын жашаган 1200дөй тургун эвакуацияланган. 100дөй киши ар кандай жараат алган.

Президент Токаев "Твиттер" баракчасында жараат алгандардын арасында кеминде 30 аскер жана ыкчам аракеттенүү тобунун кызматкерлери бардыгын жазды. Өрт эмнеден чыкканын жана жарылуунун себебин иликтөө иштери башталганын да маалымдаган.

Коргоо министрлиги кампада инженердик снаряддар сакталганын, тротил узакка күйгөндүктөн, жалын жайылып кеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, аскердик бөлүктө Арыстан ташылган курал-жарак сакталып турчу. Төрт жыл мурун Арыста дал ушундай кырсык болуп, төрт кишинин өмүрү кыйылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости