www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байден 31-августтагы телекайрылуусунда америкалык күчтөрдүн Оогастандагы соңку операциясына баа берип, анын алдында ооган жергесинен “чыгып кетүү же күчтөндүрүү” шарты турганын жана өз чечими үчүн “жоопкерчилик” аларын айтты.

Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү “Америка үчүн эң жакшы чечим” болгонун белгиледи. “Бизде мындан ары Ооганстанда мөөнөтсүз миссияны улантуу максатыбыз жок”, – деди Кабулдан америкалык аскерлер толук чыгып кеткендин эртеси. Байден белгилегендей, ооган согушуна аралаша берүү “Кошмо Штаттардын эң башкы улуттук кызыкчылыктарына дал келбейт”.

Америкалык лидер ошондой эле “ишти толук аягына чыга элекпиз” деп айтты. Ушу тапта аскерлер толук чыгып кеткени менен кеминде 100 америкалык жаран Ооганстанда калды. “Аларды чыгарып алуу үчүн кандайдыр бир мөөнөт жок”, – деди Байден.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган америкалык, чет элдик жаранбы же өнөктөш оогандар болобу - дипломатиялык жолдор аркылуу ишке ашырууну жетектейт.

Эске салсак, Байден 26-августта 13 америкалык аскердин канын төгүп, 180дөн ашуун кишини жарадар кылган чабуулду уюштурган “Ислам мамлекети - Хорасан” террордук уюмуна “биз силер менен эсептешебиз” деп эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости