www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин чок ортосунда чоң ит окуучу бала менен аялды тиштеп алганын күбөлөр жазышты.

Соцтармакка окуянын видеосу жарыяланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 2-апрелде Абдрахманов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Видеодо көрүнүп тургандай, байланбаган ит окуучулардын тобуна кол салып, бирөөнүн бутунан кое бербей тиштеген. Жаныбардын ээси аны байлаган жиби менен сабаган, бирок майнап чыккан эмес.

Баланын иттен бошонуусуна көчөдөн өтүп бараткандар жардам берген. Андан кийин жаныбар ошол жерде окуучуга жардам берип жүргөн аялга кол салган.

Ээси аны чапкылап жатып акыры ит ары басып кеткен. Ошону менен видео бүтөт. Милиция окуя териштирилип жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости