www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик карыз боюнча рекорд жаңыланды

Мамлекеттик карыз, анын ичинен тышкы карыз рекорддук көрсөткүчтөрүн жаңылады. Мындай жыйынтыкты Каржы жана экономика министрлигинин маалыматтарына анализ жасап чыгарса болот.

Январдын аягына карата мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 954,1 миллион долларды түзгөн. Мурдагы рекорддук көлөм былтыркы жылдын аягында катталган. Анда карыз 4 миллиард 925,8 миллион доллар болчу.

Тышкы карыз быйылкы жылдын январь айына карата 4 миллиард 221,6 миллионду көрсөткөн. Ага чейинки рекорд (азыркыдан 3 миллионго аз болчу) 2020-жылдын ноябрь айында катталган.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын май айынан тарта тышкы карыздын көлөмү 4 миллиард доллардан ашкан.

Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалууда. Бул рекорддук сумма.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости