www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде Баткендеги иш-сапарынын жүрүшүндө аскердик машыгуунун акыркы этабына байкоо салууда.

Жапаровдун түштүк региондорго эки күндүк сапары бүгүн башталды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анын алкагында Баткен облусундагы энергетика жана өнөр жай объектилерин кыдырат.

Андан кийин сапар Ош облусунда уланат.

Баткенде «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» деп аталган аскердик машыгуулар 1-апрелде башталган.

Коргоо министрлиги Баткен, Ош жана Жалал-Абадда боло турган машыгуулардын максаты – аймактык бийликтердин аскердик жана өзгөчө абал шартында милдеттерди аткарышына даярдоо экенин билдирген. Ага 2 миңге жакын адам катышып, 100дөй автомобиль, брондолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, 10дой авиациялык техника тартылууда

Булак: NazarNews.kg

Последние новости