www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринде эркек киши кызды чаап жиберген видео тараган эле. Анда кызды чаап жиберген киши ИИМдин ардагери, Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Пальмир Орозобеков. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.

Бул иш боюнча кечээ Октябрь РИИБинде кылмыш иши козголуп, кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Эске салсак, 12-июль күнү Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын Д.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Анда 12-июль күнү саат 13:00 чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндөгү соода түйүндөрдүн биринде белгисиз жаран аны чаап жана оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости