www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөң түшкүр десе! Айрым адамдар байлык, бийлик үчүн башканы кой бул жарыкчылыкка алып келген апасын сатып жиберүүдөн кайра тартпай го чиркин. Мындай адамдар ким башчы болуп келсе, ичи-коюнуна кирип келиндей жүгүнүп» шефинин «жумшак жерине» «пахта төшөп жиберип «жан сактайт».

Ушундай адамдардын бири «жеке жылытарлык» иши болбосо да, Талас облусунун губернаторунун 1-орун басарлыгында беш жылдан бери «былк этпей» отурган «Канымет Осмонбеков» деген «ак сөөк».

Бул чиновник сөрөй кесиби боюнча кадимки эле мал доктур. Резинка өтүктү кыйшайта кийип айылда дыйкан чарбанын мүчөсү, айыл өкмөтүн катчысы кызматтарында иштеп жүргөн. Чынында «ак сөөк» Каныметтин дараметинин жеткен чеги айылдын жооптуу катчысы эле. Канымет ошого каниет кылса, эң туура чечим болмок.

Бирок, «Көлчүк өзүн көлмүн» - дейт болуп өзүн-өзү президент кылып «шайлап алган» Роза Отунбаева апчесине таянып ак үйдүн иш башкармалыгында иштемиш болуп анан келип Бакай-Ата районуна аким болгон. Өз алдынча чечим кабыл алууга чамасы чарк жүүнү бош неме, аким болуп деле жыргаткан жок. Азыр Бакай-Аталыктар Осмонбековду эстеп деле коюшпайт. Элдин эсинде калыш үчүн да, эмгек кылыш керек тура. Ага караганда кызматынан жыл башында кеткен Кара-Бууралык Чолпон Төрөкуловду эл ушул күнгө чейин мактап келет. «Элдин көзү көрөгөч» – деген ушул эмей эмне?

Элге «кокон тыйын» пайдасы тийбегени менен бул «мурутун чычайтып» көктү караган неменин «өзүм дегенде өгүздөй күчү бар». Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы «Чым Коргондон» «ыспырапкеси» бар, Марат Дооронбековду ушул күнгө чейин «канатууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» калкалап кетет. Мараттын жакында «ээрден көчүгү кыйшайып» калды эле, Канымет жаңы келген губернатор Бакыт Нарбековдун «кулагын үтүктөп» досун дагы бир балээден сактап калган шекилдүү. Анысы аз келгенсип түштүк жергесинен орун алмашып келген Бакай-Ата районунун азыркы акими Алгынбай Имаровду «далыга таптап» Дооронбековду доорун узартып жаткан жагдай да бар. Канимет болбогондо, кайра-кайра Дооронбековго каршы чыккан мугалимдер анын доорун эчак эле бүтүрүп коймок.

Жакында эле эч кимге жигин билгизбей «Гарантиялык фонд» мамлекеттик ишканасынын Талас облустук жетекчилигине өз адамын алып барды. Каныметтин «кайырын» ушуга окшогондор эле көрүп жатпаса, эл үчүн «куурай башын сындырбаганы» зээниңди кейитет.

Былтыр экс-губернатор Марат Мураталиевдин кеңешчиси Марслат Шералиевдин кырсыкка кабылганына да Канымет Осмонбековдун түздөн-түз тиешеси бар. Жогорку Кеңештен суранып жүрүп алган «алтын саатын» Осмонбеков жумуш учурунда «жууп» ылжып мас болушуп натыйжада Марслат Шералиев бир жаш жигитти коюп кетип ал мерт болгон.  Эки адамдын шоруна калга Канымет Осмонбеков болсо, «бети кызарбай эле» баарын көз көрүнөө танып «суудан кургак чыгып» кеткен.

Ал ортодо революция болуп Таласка «иттин уулу Байгара» да бир эки күнгө «губернатор» боло калган жагдайы бар. Ар-Намыстан куру жалак калган бечара Канымет ошол эки күндүк «губернаторлорду» ээрчип эл журтка шылдың болуп Нуркан Сейитжанович» - деп аркасынан ээрчип жүргөнүн көргөндөр, түз эле Каныметтин бетине түкүргүлөрү келген.

Кыскасын айтканда, ким губернатор болуп келсе эле, эң биринчи уят-сыйыты жыйыштырып эч кандай самыны жок «аркасына» кирген жагынан Каныметке эч ким жетпейт. Бул жагын моюнга алыш керек. Губернаторду көлөкөсүндөй ээрчип акылдуу көрүнүп майда чиновниктерге «сөөмөй кезеп» койсо эле эл «Канымет кыйын экен» – деп ойлоп калбаарын бул шоркелдей качан түшүнөт?! Жүүн бош неме, өзү тейлеген толгон-токой тармакта качан ишин баштайт?!

Же мамлекеттин килтейген «Жолтандабасын» күнүнө 100 чакырым айдап Боо-Терекке каттап ырчы кыздардан көңүлдөш күтүп чардап жүрө береби?! Не бир «бычакка сап» мыкты намыска бек жигиттери бар Таластан, Каниметтин ордуна ылайыктуу эч ким жокпу?!

Экс губернатор Марат Мураталиев тар чөйрөдө: «бир гана нерсеге өкүнөм. Каныметтен эрте кутулсам болмок экен» – деп арман кылган экен. Ошол сыяктуу Бакыт Нарбеков да Канимет «далыга бычак матыра электе» «эт менен челдин ортосундагы» орун басарынан кутулуп, өзүндөй иш билги бирөөнү алып келбесе иши жүрүп кетиши кыйын. Каныметке болсо, Талас облустук ат майданын алып бериш керек. Ошол орун ага куп жарашат.

Иманалиев Жекшенбек Жоробекович, Талас облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости