www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте айдоочу чет элдик жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң муунта баштаган. Бул тууралуу жабырлануучу Евгений Романов билдирди.
Маалым болгондой, Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде, май куюучу жайдын жанынан чет элдик жаранды BMW-X5 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.
«Жөө жүргүнчүнү сүзгөндөн кийин айдоочу кечирим суроонун ордуна жабырлануучуга кол салып, аны муунта баштаган жана аны УКМКнын имаратына алып барууга аракет кылган. Ал өзүн УКМКнын кызматкеримин деген.
Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук милиция бөлүмү тактоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Жабырлануучу Россиянын жараны Евгений Романов билдиргендей, ал тротуар менен көчөнүн маңдайындагы Газпромдун май куюучу жайынын аймагында бара жаткан. Аны жол тандабас артынан келип сүзгөн.
"Айдоочу чыгып, башыма тээп жиберди. Эл чуркап келип, аны токтотушту. Өзүн Кыргызстандын УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган мас айдоочунун аялы келип, мени тез жардам бөлүмүнө алып кетүүнү чечишкен. Бирок жолдо мени муунтуп, ооруканага эмес, УКМКга алып барышты", - деди жабырлануучу.
Романов кошумчалагандай, ал УКМКга бараткан жолдо унаадан секирип түшүүгө аракет кылган, бирок анте алган эмес.
«Жибек-Жол проспектисинде УКМКнын дарбазасынын алдында мен унаадан секирип түшүүгө үлгүрдүм, мен каршылык көрсөтүп, ал жерден качып ооруканага бардым. Саат 03:00дө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин милиция кызматкерлери келип, менин арызымды алып кетишти. Бутум сынып, мойнумда муунуунун издери бар», - деди жабырлануучу.
Булак: NazarNews.kg