www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Алькони» ишканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бишкектеги «Алькони» ишканасынан чыккан өрт саат 14:38де толук өчүрүлдү. Такталган маалымат боюнча, өрт кырсыгынан улам адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.
Маалым болгондой бүгүн таңга маал Бишкектин Октябрь районуна караштуу Исакеев көчөсүндө жайгашкан «Алькони» заводунан чыккан ири өрт кырсыгынын кесепетинен ишкананын алькони тез даярдалуучу азыгын чыгарган имараттын болжол менен 3500 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Ага карабастан өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнер сакталып калган.
Ишканадагы өрттү өчүрүүгө саат 03:10дон тарта ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа ККББнын ыкчам тобу тартылган. Өрт саат 05:55де чектөөгө алынып, саат 14:38де өрт толук өчүрүлдү.
Булак: NazarNews.kg