www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда “У Абдраима” кафесинин алдында улгайган адамдын сабалганы боюнча видеотасма чыкты. Журналист Назира Ахмедова жазган маалыматта окуя 14-июнь күнү болгону кабарланган.

Чүй облусунун Кең-Булуң айылында Баатыр аттуу адам мас абалында достору менен бирге адамды ур-токмокко алышкан. Арачага түшкөн 60 жаштагы киши дагы муш жеген. Жабырлануучу милицияга кайрылып, бейбаштар кармалган. Ал эми Ысык-Ата районунун судьясы Нурбек Тажибаев шектүүлөрдү сыртка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарган.

Назира Ахмедова кылмыштын оордугуна карабастан судья шектүүлөрдү коё бергенине нааразы болгонун билдирип, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып чыкты. 

“Биздин судьялардын иши. Элестетиңиздер, эми сабалган адамдын уулу видеодон атасын көрүп кандай абалда калды. Жөн жерден катуу сокку алган атасы үчүн ызаланып турат. Бул маселени мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылды, бирок жыйынтык болгон жок. Мындай башаламандыкты көргөн судья кантип кылмышкерлерди эркиндиккие коё берди? Муну кандай деп түшүнсө болот? Эң кызыгы, шектүүлөр “Гавайи” кафесине, “Үмүт” сүт заводуна ээлик кылган белгилүү бир туугандар Кайрат жана Джураттын күзөтчүлөрү болуп иштейт”,- деп жазат Ахмедова.

Бул тууралуу Чүй ОИИББи маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылдын 14-июнь күнү болжол менен саат 10:19 чамаларында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, дене жаракаты менен эркек киши ооруканага түшкөнүн билдиришкен.

Бул маалыматтын негизинде дароо Ысык-Ата районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу ооруканага чыгышкан. Териштирүү учурунда ал кишинин өздүгү аныкталып, 53 жаштагы Х.Р. экендиги такталган. Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейини өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында, үстүбүздөгү жылдын 14-июнь күнү  болжол менен саат 00:30 чамаларында Кең-Булуң айылындагы көчөлөрдүн биринен 35 жаштагы Т.Б. жана 45 жаштагы Д.Т. аттуу жарандар мас абалында пикир келишпестиктен улам 53 жаштагы Х.К, 50 жаштагы К.И., 58 жаштагы М.А. жана 23 жаштагы К.А. аттуу жарандардын денесине залал келтиришкен.

Жыйынтыгында 53 жаштагы Х.К. Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон күнү Ысык-Ата районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан шектүү эки жаран кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышып, кийин райондук соттун чечими менен кармалган жарандар үй камагына алынышкан. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, окуянын келип чыккан себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

14 июня 2020 года некий Баатыр в нетрезвом состоянии со своими друзьями возле кафе "У Абдраима" в селе Кен-Булун...

Опубликовано Назирой Ахмедовой Вторник, 16 июня 2020 г.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости