www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоору, түзүмү жана курамы менен депутаттарды Премьер-министрлик кызмат ордуна талапкер  Кубатбек Боронов тааныштырды.

Премьер-министрликке талапкер Өкмөттүн курамында  өзгөрүүлөр бар экендигине токтолуп, биринчи вице-премьер-министрлик кызмат ордуна  Алмазбек Баатырбеков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш  мамлекеттик комитетинин төрагалыгына  Алтынбек Исмаилов, Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Таалайбек Темиралиев  көрсөтүлүп жаткандыгын кошумчалады. Тагыраагы, Өкмөттүн негизги курамы мурдагыдай калган.

Талкуу маалында депутаттар социалдык-экономикалык, ошондой эле чек ара маселелерин чечүүгө токтолушту. Андан тышкары, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшкө жана илдеттен улам жаралган экономикалык каатчылыкка байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.  Айрыкча, пандемия маалында иш алып барган укук коргоо жана медицина кызматкерлерине өз убагында маяналарын жана кошумча төлөмдөрүн берүү тууралуу сөз болду. Муну менен катар жыйында өлкөгө инвестиция тартуу, экономикалык өнүгүүнү жана каржылык туруктуулукту камсыздоо, аймактарды өнүктүрүү, билим берүү жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери да айтылды.   

Премьер-министрлик кызмат ордуна талапкер Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттарынын бардык суроолоруна жооп берип, айтылган сунуш-пикирлер Өкмөттүн мындан аркы ишмердүүлүгүндө эске алынарын белгиледи.  

Эске сала кетсек, мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштык ресурстарын узартуу жана кайра каттоо боюнча кылмыш ишинин алкагында анын дарегине айыптоолор айылгандыгына байланыштуу отставкага кеткен. Андан соң парламенттик көпчүлүк коалициясы Өкмөт башчылык кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөткөн. Ал буга чейин биринчи вице - премьер - министри кызматын аркалап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости