www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир фантастикалык жанрдагы тасма көргөм. 2070-жылдарды болжолдоп тартышкан. Адамдык сапат, аң сезим такыр бурулуп кеткен. Ошол тасмада 2070-жылдын эң популярдуу фильмин элдер кинотеатрдан көрүп жаткан жери бар. Ал, жөн эле бир адамдын көчүгү. Болду башка таң калтырган нерсе жок.

Анын сыңарындай маданият, искусство талкаланып, бир дөөрүгөн муун пайда болуп бара жатат. Мисалы, Бек Борбиев айлап жылдап эмгек кылып жараткан ырга караганда "майонез жедим, жашым жогору тамчылады" же "чечинип жаттым, албарсты үстүмө чыкты, анан мен анын үстүнө чыктым, үүүүв-аааав",-деген мыркалардын ыры бат элге жетип, талкуу жаратып жатканы өтө өкүнүчтүү.

Айтарга сөз жок. Мындай болсо, дагы 10 жылдан кийин, "түкүрүп аны кайра жаладым" деген ырлар жаралат. Кыргыз маданиятын ушундай мыркалар талкалайт. Ошондуктан, маданият мамлекеттик колдоого муктаж. Бул трагедия! -деген ырын белгилүү журналист Дайыр Орунбеков билдирди. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости