www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ишкерлер менен мамлекет күчүн бириктирип абалды жолго салышы керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“30 жылдан бери медицина тармагын өнүктүрүүгө багытталып ар түрдүү долбоорлор жазылып, ошол эле учурда аларды ишке ашыруу үчүн донорлор, фонддор жардам берип келет. Бирок түздөн-түз реформа жасай турган эффективдүү долбоорлор саналуу гана. Алардын ичинен бир гана көрүнүктүүсү гемодиализ тармагына жасаган реформа.

Анда, жеке ишкерлер менен мамлекет күчүн бириктирип абалды жолго салышты. Ушул эле жол менен ар бир тармак боюнча иш алып баралышы керек болчу. Мындай ыкма көпчүлүк мамлекеттерде ийгиликтүү натыйжа бергендиги тастыкталган. Буга байланыштуу мамлекет жеке ишкерлер менен биргеликте иш алып барышы керек”, - дейт экс-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости