www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин жанында экономиканы түшүнгөн бир дагы адам жок. Мындай экономика министринин мурдагы орун басары Дастан Кадыров NazarNews маалымат агенттигине 24- февралда билдирди.

--“Азыркы президенттин айланасында экономиканы түшүнгөн адам жок. Анан кантип саясат жүргүзөт? Учурда экономика чөгүп кетти, пандемия шартында бизге кыйын, экономиканы көтөрө турган мыкты кадрлар керек. Негизи аткаруу бийлиги ачакей болуп, президентке жана өкмөт башчыга бөлүнүп калган. Ошондуктан баштары айланып, экономика дагы төмөндөп кетти. Ал эми парламент көз каранды болуп турат. Аларга таарынып кереги жок. “Камалып кетебиз” деп коркуп, ойлорун ачык айта албай отурушат. Себеби, азыркы депутаттардын баары эле коррупцияга баткан, байлар десем болот. Ошондуктан булар аткаруу бийлигинен талап кыла албай отурушат. Ал эми Баш мыйзамдын жаңы долбооруна токтолсом, анда бир эле адамга бийлик берилип калган. Кемчиликтери дагы көп, ашыкчалары бар. Буга эл чыдабайт. Коомчулуктун үнүн угуп, эл менен эсептешпесе, көтөрүлүшү мүмкүн. Тез арада Баш мыйзамга өзгөртүү кирбесе 4-революция болот”, - дейт Кадыров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости