www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“43 жыл мурда уу коргошун ичкем, ошондон бери изилдеп келем”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.
--“Коомдо уу коргошун боюнча аябай талаш-тартыш болуп жатат. Буга дагы негиз бар. Себеби, уу коргошун өтө опурталдуу, коомчулук жапырт колдонсо сөзсүз жаман болот. Тарыхтан 500 жыл мурдагы доордон табабыз.
Ошол замандагы Ханышанын баласына Перс элдери балга уу коргошун кошуп бергенде баласы өзүнүн бардык миң аскери менен ууланып каза болушкан. Уу коргошунду тарыхта көп кездештиребиз. Орто кылымдарда ата-бабалар жаанын жебесин уу коргошунга уулантышкан. Эгер жаа тийген болсо андан аман калуу кыйын болгон. Себеби, жаанын башына уу коргошун сүйкөлгөн, денеге тарап ууланган.
Мисалы, Россия, Кыргызстан Кытай колдонуп келишет. Кытайда 135 дары курамына уу коргошун кирет. Бул өтө уу, бирок ошол эле учурда туура пайдаланса дары дагы болот. Мен 43 жыл мурда ооруп, айла жок колдонгом. Бактыга жараша ден-соолугума пайдасы тийип, жакындарыма дагы бергем. Муну азыркы күнгө чейин изилдеп жүрөм.
Ошондуктан, бул чөптөн баары эле айыга бербейт, айрымдар ууланып, каза болгон. Билген адамдар колдонот. Кайсы жерден казып алды, кандай терилди, жакшы сакталдыбы? Ошону жакшы билип колдонушкан”, - дейт Сарыгулов.
Булак: NazarNews.kg