www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Дастан Сарыгулов: “Азыркы бийлик деле жаңылышып жатат”

Азыркы бийлик деле жаңылышып жатат. Мындай пикирди коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Дастан Сарыгулов NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 22-февралда билдирди.

--“Кыргызстан көп жыл мурда туташ саясий кризиске учурап калган. Алар: Руханий кризис, экономикалык жана социалдык кризис. Бирок акыркы 10 жылдын ичинде бул кризис туңгуюкка батып, кеткени 5-6-октябрдагы окуялар тастыктап койду. Улуттук идеология, руханий байлык болсо саясий адашуулар аз болмок. Тиешелүү мамлекеттик деңгээлге көтөрүлсө мынчалык болбойт эле. Экономикалык, социалдык кризис дагы ушундай абалга кептелбейт беле? Учурда экономикалык, социалдык кырдаал өтө  оор экени баарыбызга маалым. Айрыкча карапайым элге кыйын болду. Мигранттар келип, бирок жумуш менен камсыз болушкан жок, алар кете албай убара. Ал эми жаңы бийликке элдин үмүтү чоң. Себеби, азыркы бийлик көптөгөн убадаларды берип койду. Азыр дагы бир канча убадаларды берип жатат. Ошолорго ишке ашабы? Бул чоң суроо жаратат. Мурдагы билйиктин чабалдыгы дагы ушундай куру сөз болгон. Азыркы бийлик деле жаңылышып жатат. Мисалы, айткан сөздү кантип, кандай жол менен ишке ашырат ошол суроого келгенде эле булар такалып калат. Анын кесепетинен өлкөдө ар кандай окуялар жаралууда. 30 жылдан бери бийликтин бал тилине ишенип келген элдин көзү ачылды. Эл азыр эч нерсени күтпөй турган абалга келди. Азыркы бийликти дагы эл көп күтпөй турган абалда турушат. Эл кыйналып кетти. Элдин эңсегени жаңылануу, өнүгүү эле. Азыр коомчулук, 3 ай же 6га чейин эле күтөт. Андан ары күтө албайт”, - Сарыгулов.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости