www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Уу коргошунду чет өлкөлөргө тонналап алып кетип жатышыптыр”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.
--“Уу коргошунду эки ыкма менен ичет. Бири уютма - бул даяр болот, экинчиси кайнатма, мунун түйшүгү оор, машакат кылып кечке кайнатып ичесин. Эки ыкманы тең адам чыдагыс ысык кезинде ичиш керек. Анан адам шамалдабай жылуу жатыш керек, ошондо денеге тез тарайт. Эгер бейтап шамалдап калса карышып калышы мүмкүн. Муздак ичип алса дагы ууланат.
Дүйнөдө бул баалуу чөп катары айтылып келет. Азыр угушума караганда чет өлкөлөргө, Россияга тонналап жүктөп, кетип жатышыптыр, буга жол бербеш керек. Анда уу коргошун азайып калат. Себеби, бул баалуу чөп болгондуктан тамыры дагы баалуу. Совет убагында чөбүн Ташкентке жүктөп алып кетишчү. Ал жактагы заводдон дары жасашчу. Бул ден-соолукка пайда болгон. Жүрөк туура эмес соккондо эң күчтүү дары ушул болгон. Чоң дары болгондуктан калың элге жетчү эмес. Мунун чөбүн дагы бөлөк ыкма менен пайдаланыш керек”, - дейт Сарыгулов.
Булак: NazarNews.kg