www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Дастан Сарыгулов глобалдык кризис боюнча кайрылуу жасады.

"Сиздер талкуулап жаткан маселе бардык адамдар үчүн, улутуна, кайсы динде экенине жана саясий көз карашына карабай абдан маанилүү.  Бүткүл дүйнө жана адамзат мындан ары кайсы жол менен кетүүсүн аныктоочу оор мезгил келди. Бир нече ай мурун биздин ата-бабаларыбыздын мурастарынын, "Манас" эпосунда чагылдырылган кыргыз элинин салттуу билиминин жана акыркы илимий жетишкендиктердин негизинде чакан "Миңдеген жылдардын ичиндеги адамдын трагедиялуу адашуусу жана алардын өлүмгө алып келген кесепеттери" аталышындагы макаланы жаздым. Бул эмгекте эмне үчүн адамдар мындай аянычтуу абалга кептелгенине анализ жүргүзүү аракети көрүлдү. 

Бул эмгек чакан, 15 барактан гана турат. Бул пикирге көптөгөн кыргызстандыктар кошулат. Экология гана эмес экономика, социалдык сфера жана мамлекеттин саясий түзүлүшү сыяктуу маселелерди чечүүдө биздин чакан салымыбыз болсун", - деп билдирди Сарыгулов өз кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, "Чыгармачыл коом" эл аралык долбоорунун "Глобалдык кризис. Биздин куткарылышыбыз биримдикте" аталышындагы форум 12-ноябрда өтөт. Ага 150дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышып, бардык социалдык тармактар аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

"Чыгармачыл коом" — бул биздин цивилизациябызды эволюциялык өнүгүүнүн жаңы этабына эң кыска мөөнөттө тынчтык жолу менен алып чыгууга мүмкүндүк берген бүткүл адамзаттын долбоору.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости