www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Мейкинбек Абдалиев Глобалдык фонд тарабынан бир жыныстуулар үчүн 78 миллион сом бөлүнөөрүн “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Депутат бул каражаттын бир жыныстуулар үчүн бөлүнүп жатканына нааразы болду.

Анын айтымында, мындай колдоо улутузбуга жат болгон көрүнүштүн өсүшүнө алып келет.

"Бөлүнгөн акча, кандай максатта колдонулат", - деп суроо салды депутат.

Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов аталган каражаттар ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуунун алдын алуу үчүн жумшаларын билдирди.

Депутаттар ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттар тууралуу маалыматты угууда.

Депутат Жылдыз Садырбаева буга чейин 29 миллион доллардын бир бөлүгү ЛГБТ өкүлдөрүнө кетээрин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости