www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Камбар-Ата-1 ГЭСин кошуна өлкөлөр менен кура турган болсок, биз башкара албай калабыз. Мындай пикирин депутат Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат энергетика министри Таалай Ибраев буга чейин Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча маалымат бергенин белгилеп, ага кайрылды.

"Бул доолборго кошуна Казакстан менен Өзбекстан кошулушу керек деген пикириңизди билдирдиңиз. Сиздер ар бир тарапка 30 пайыз берип жатасыздар. Ошондо 60 пайыз башка өлкөнүнүн үлүшү болуп жатат. Анан биз аны кантип башкарабыз? 

Биз бул чечимди кабыл албайбыз. Эгер улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогон чечимдер болсо, биз колдойбуз. А эгер башка өлкөгө 60 пайыз кармата турган болсок кабыл албайбыз. 

Бул мамлекеттин коопсуздугу, суверендүүлүгү тууралуу маселе болуп жатат. 

Силер өтө чоң ката кетиргени жатасыздар". - деди Айдарбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости