www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Акбөкөн Таштанбеков министрлер кабинетин ичкенди жакшы көргөн досу менен салыштырды.
Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат айлык алганда ичимдик ичип, анан жолдо келе жатып баарына акча тарата берген таанышы тууралуу айтып өттү.
"Министрлер кабинети деле ошондой, "кайф" кармап жүрөт. Адегенде акча чогултат, анан тендерде чачып жатат. Мамлекеттик сатып алууларды кайтарыш керек, болбосо миллиарддарды уурдап кетишет. Биз баарын дүңүнөн сатып алабыз. Эмне үчүн биз муну ортомчулар аркылуу жасап жатабыз?", - деди Таштанбеков.
Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров министрлер кабинетинде борборлоштурулган сатып алууларды киргизүү маселеси каралып жатканын айтты.
Булак:NazarNews.kg