www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

«Балээнин баары Баш мыйзамда жана анын башаламандыгында турат. Кыргыздар «Бир алымдан эт кетет, бир сүйлөмдөн кеп кетет» деп айтат. Акыркы Конституция кыргыз тилинде жазылды дешкен, бирок биз орус тилинен тантык которулган каталарды тизмектеп жазып койдук. Ким керек десе, ошого берели. Баш мыйзамды популисттик, алешемдик менен шашылыш жазылып калганы сокурга көз бүткөндөй көрүнүп калган. Бүгүн Баш мыйзамды аттап, тебелеп-тепсеп, ар кандай түшүнүктөргө өтүп кетип жатабыз. Ошол үчүн Баш мыйзамыбызды кайрадан редакциялап чыкмайынча алдыда дагы көп тарткылыгыбыз бар», — деди Самыйкожо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости