www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тенгиз Бөлтүрүк өзүн хан сезип алды. Мындай пикирин бүгүн, 16-июнда депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Тенгиз Бөлтүрүк мырза, мыйзамдын алдында баардыгы бирдей. Убакыт барында эсиңизге келиңиз, Тенгиз мырза. Элдин акчасын каалгандай чачканга сизге ким уруксат берди? Эгер тизгинди тартпасаңыз жакында түрмөгө отурасыз. Сизди түрмө күтүп турат", - дейт депутат. 

Анын айтымында "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Бишкектин борборунда кымбат баалуу кеңседе отурат.

"Мен 1600 квадрат метрди ижара алышыптыр деп айткам, алар болсо, жок биз 5 миң квадрат метрди алдык деп айтып жатат. Бишкектин так борборунда бир квадрат метр 20 доллар турат, бир айда 100 миң доллар төлөйт. 12% кошумча нарк салыгы бар, 5 миң доллар коммуналдык кызмат үчүн бар. Бир айда 120 миң доллар ижара үчүн төлөп жатат. Сомго которсок 10 млн сом төлөп жатат, – деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости