www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралды.
Прокуратуранын тергөө функциялары УКМК жана ИИМге өткөрүлүп берилди.
Депутат Исхак Масалиев аталган өзгөртүүлөр боюнча пикирин билдирип, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өткөнүн эске салды.
«Мен тарыхты эстетип коеюн деп жатам. Башкы прокурор бир жолу баадырдык кылган. Судья болуп турганда 2 жигитти актаган. Андан кийин келечеги ачылып, депутат, башкы прокурор болду. Силерге ушундай эрдик жетпей жатат. АКШда тамаша иретинде ушундай катуу сөз айтылган: «Эгерди сизди зордуктап жатышса, сиз каршылык көрсөтө албасаңыз, жөн туруп, ырахат алууга аракеттениңиз». Силерге ошону каалайм. Алыңар жетпесе, чыдагыла эми. Көзөмөлдөө функцияңар калып жатат. Аны унутпагыла», - деди Масалиев.
Булак: NazarNews.kg