www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында экологияны коргоого багытталган жакшы иштер башталат. Бул тууралуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Динара Кутманова NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 23-февралда билдирди.

--“Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги коррупцияга батып, айрымдары аныкталды. Мен бул агенттикке 2020-жылдын ноябрь айында директор болуп келдим. Агенттикте  абдан көп маселе бар экен. Коррупция тамырлашып кетиптир. Эч кандай натыйжалуу иштер жасалган эмес. Жетекчилер, айрым кызматкерлер эл аралык уюмдардан акча табууну эле көздөп калышкан. Алар атайын бөлүмдөрдү, башкармалыктарды түзүп акча жасашкан. Себеби, экологияны коргоо боюнча эл аралык уюмдардан акча көп которулат. Ал эми Кыргызстандын экологиясын коргоого багытталган тиешелүү 3 бөлүмдү жоюп салышкан. Мен абдан таң калдым. Баарын ордуна коюну көздөп, анилиздеп баштадым. Бирок, агенттиктеги ошол акча таап, дамын татып алгандар былыктары чыкпасын деп коркуп, мага каршы иштерди башташты. Баарыбызга белгилүү болгондой Абдыкалык Рустамов дагы 2019-жылы коррупция менен кармалган. Кийинки жетекчи Мирслав Аманкуловдун дагы бир канча коррупциялык иштерге тиешеси бар экени билинип калды. Себеби, анын адамдары директордун экология боюнча орун басары Элдияр Шерипов, статс-катчы Азамат Эркебаев жана экологиялык стратегиялык жана саясат башкармалыгынын жетекчиси Айзада Бариева, ошондой эле эл аралык бөлүмдүн башчысы Салыкмамбетова жана башка тиешелүү кызматкерлер акча табуунун схемасын түзүп алышкан. Булар былыктарынын чыгып калышынан коркушту. Агенттиктеги башка кызматкерлерди дагы мага каршы тукуруп, аларды алдап кол койдуруп, депутаттарга, өкмөт башчыга чейин кайрылышкан. Мен кызматкерлерге кайрылсам алар “бизге кол койдургандар Кутмановага маселе боюнча кайрылабыз деп кол койдурушкан” дешти.  Бул боюнча азыр териштирүү иштери жүрүүдө. Мен дагы аягына чыгам.

 

Чындыгында бул агенттиктин баардык тармагында жемкорлук аябай тамырлашып кеттиптир. Учурда комиссия текшерип, чекесинен таап чыгып жатышат. Дагы көптөгөн мисалдар бар, жакында баары ачыкталып, мыйзам чегинде каралат деп ишенем.

Булардын сырткары миллиондогон акчалар таратылып кетккен. Фонддун башчысы Улукбек Арстанбаев 10 миллион сомду таратып жибериптир.  

Негизи экологияга багытталган министрлик же комитет болушу зарыл. Коңшу өлкөлөрдө министрлик же комитет болуп түзүлгөн. Тилекке каршы бизде агенттик болуп алмашкан. Бул дүйнөлүк деңгээлде эл аралык уюмдар менен иштешүүдө абдан кыйынчылык туудурат. Себеби, статуска карата сүйлөөшү болуп, ошого жараша акча которулат. Кыргызстанда экологиясын коргоодо көп иштер аткарылыш керек. Алардын баарына көп каражат жумшалат. Мисалы, абаны коргоо, сууну жана жер ресуртарын коргоо, таштандыларды иреттөө боюнча. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин негизги иши ушул.

Жакында биздин агенттик экология жагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, ал эми токой чарбасы Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиген кошулду. Азыркы күндө реформалоо багытында катуу иштер жүрүүдө. Кадр маселеси дагы каралат. Буюрса жакында өлкөнүн экологиясын коргоо багытталган жакшы иштер башталат демекчимин. Экологдорду жумушка алып, аларды даярдоочу курстарга окутуп, чет мамлекеттерге тажрыйба топтоого жибериш керек. Алдыда жакшы пландарым бар. Буюрса Кыргызстанга ак кызмат кылып, экологияны коргоого чоң салым кошом”, - дейт Динара Кутманова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости