www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Дордой" базарындагы өрттөн 42 контейнер күйгөн. 

Мындан тышкары, тез тамактануучу жай, шаурма жана суусундук саткан тогуз павильон өрттөнгөн. Күйгөн 42 контейнерде кийим-кече сатылганы айтылды.

Тилсиз жоо жалпысынан 1 000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен эки адам түтүнгө ууланган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилди.

Эске салсак, кечээ, 5-июлда, Бишкектеги "Дордой" базарынан өрт чыгып, аны өчүрүүгө ӨКМдин 60 куткаруучудан турган 7 бригадасы тартылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости