www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус пандемиясы акыркы эмес экенин айтып, дүйнөдө дагы бир нече жолу кайталанышы мүмкүн экенин божомолдоду.

Жаңы пандемия тууралуу Гебрейесус эпидемияга каршы даярдык боюнча эл аралык күнүнө карата видеокайрылуусунда айткан. Буга байланыштуу ал болуп өткөн окуялардан сабак алып, инвестицияларды ушундай учурлардын алдын алып, жок кылууга жумшоо керектигин айткан. Ошондой эле медициналык жардамды өнүктүрүү зарылдыгына токтолгон.

Гебрейесус кийинки пандемияларда коомго жана экономикага терс таасирди азайтуу үчүн үч кеңешин берди.

Анын айтымында, биринчи кезекте өлкөлөр каражатты вируска тиешелүү өзгөчө кырдаалды мониторинг кылган программаларга жумшоосу керек. Экинчиден, саламаттыкты сактоо, өкмөт жана коом системасын координациялоо зарыл. Ошондой эле ДССУ пандемия дүйнөдө жаныбарлар менен адамдардын ден соолугу ортосундагы байланышты татаалдаштырганына көңүл бурууга чакырган. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости