www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, орусиялык ырчы Джигандын “YouTube” желесиндеги официалдуу каналында “Күн жана түн” аттуу жаңы чыгармасынын бет ачаары болуп өткөн. Ырды тыңдап, клибин көргөн ырчынын күйөрмандары жаңы образы үчүн кубанып, бирок ыр “Грибы” тобунун “Ээрип жаткан муз” аттуу ырына окшошуп калганына таң калышты. Айрымдары “Дагы бир муз ээрийт деген ыр пайда болдубу? Джиганда башка ыр жокпу? Эмнеге уурдайт?” деген пикирлерди калтырып, Джиганды плагиат ыр үчүн күнөөлөштү. Бирок, ырчы бул пикирлердин бирине да реакция кылып, жооп кайтарган жок.

Эскерте кетсек, Джиган Тиматинин продюсерлик борборунун экс-ырчысы. Урматтуу окурмандар, сиздер да эки ырды тыңдап өз бааңыздарды бериңиздер!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости