www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Айбек Жунушалиевдин аялдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге колдоолор болот дегени жакты”, - деди бүгүн, 26-августта NazarNews маалымат агенттигине Бишкек шаардык кеңештин депутаты Элизавета Алымбаева.
--“Күздөн бери Бишкек шаарынын мэрлери кечке алмаша берип, шаарыбыз каралбай, артка кетти. Азыр мен дагы ушул мэр жакшы иштесин деп колдоп бердим. Башкысы шаарыбызды көрктөндүрөм, жашылдандырам, иштейм деп жатат. Бир-эки айда кандай иштеп жатканы билинет. Жалпы депутаттар бир гана сунуш берип, көзөмөлдөп турбастан жардам беребиз.
Айбек Жунушалиевдин программасында аялдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоолор болот дегени бар экен. Мага бул абдан жакты. Негизи борбор калаада аймактардан көчүп келген жалгыз бой энелер, майып адамдар абдан көп. Канчалаган кыйналган үй-бүлөлөр жашап жүрөт. Биз ошолорду карап, жардам беришибиз шарт. Андыктан ушул багытта жакшы жыйынтыктар болот деген үмүттөмүн”, - дейт эл өкүлү.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, 26-августта Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү Айбек Жунушалиевдин кызматка дайындалуусуна “макул” деген добуш берген.
Бишкек шаарынын мэри кызматына Айбек Жунушалиевдин талапкерлигин көпчүлүк коалиция жана Министрлер кабинети сунуштаган.
Эске салсак, ал 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg