www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Польшадагы элчиси Сергей Андреев Варшавадагы советтик жоокердин мүрзөсүнө гүл коюп жатканда бети-башына кызыл түстөгү боёк чачып жиберди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жаалданып кыйкыргандар элчинин гүл коюшуна мүмкүнчүлүк берген эмес. Агенттиктин кабарчысынын билдиргенине караганда, агрессиялык маанайдагы польшалыктар менен украиндер дипломаттын жолун бууп, мазактап кыйкырышкан. Бул окуядан кийин Андреев полиция кызматкерлеринин коштоосу менен ал жерден кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми мемориалга белгисиз бирөөлөр оозго алгыс сөздөрдү жазып кеткен.

Орусиянын дипмиссиясы бул өлкөдө "Өлбөс полк" акциясын өткөрүүгө ниеттенип, бирок Польша ТИМи РФтин Украинадагы атайын операциясына шылтоолоп иш-чараны өткөрбөөнү айткан.

Варшава аталган нерсе алардын жергиликтүү мыйзамына каршы келерин билдирген. Анткен менен Москва мындай позицияны негизсиз жана мааниси жок шылтоо деп атаган.

Эске салсак, Польшаны фашисттерден куткаруу учурунда советтик 477 миң жоокер курман болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости