www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Херсон облусунда аскердик-жарандык администрациянын адамдарына карата теракт даярдагандар — Украинанын коопсуздук кызматынын (УКК) диверсанттары кармалды. Бул тууралуу Россиянын ФСБсы кабарлаган.

Баш-аягы тогуз адам колго түшүрүлгөн. Алардын куратору — УКК кызматкерлери Самир Шукюров, Виктор Хомяк жана Дмитрий Сидейдин Россиянын чегинен сырткары жүргөнүн айтышты.

РИА Новости жардыруу жасоого камынгандарды кармаган видеону таратты. Тинте келгенде алардан беш килограмм пластида, электродетонаторлорду, аракетке келтирген түзүм, өзү жарылып кетүүчү үч граната, ата турган курал-жарак, ок-дары жана тыңчылык кылуучу атайын каражаттар табылган. Мина коюлган автоунаа табылып, ал зыянсыздандырылган. Бул автокөлүктүн жардамы менен алар администрациянын кызматкерлерин жардырмакчы болушкан.

РФтин Кылмыш кодексинин 361-беренеси ("Эл аралык террорчулук") боюнча иш козголуп, кармалгандар сурак жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости