www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Мумбаи шаарынын Сиона ооруканасында коронавирустан көз жумган адамдардын сөөктөрү ооруп жаткан бейтаптар менен чогуу жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бул көрүнуш коомчулукта өтө кеңири нааразычылыктарды жаратты. Жарандар эгерде мындай уланса, оорудан көз жумгандардын жана ооруну жуктуруп алгандардын саны өсүүнүн гана үстүндө болоорун айтып чыгышты.

Ал эми оорукананын башчысы Прамод Ингале каза болгон адамдардын жакындары алардын сөөктөрүн алып кете албай калгандыктан жана өлүк сактоочу жайларда орун жок болгондуктан, палатада калганын билдирген.

Эрежелерге ылайык коронавирустан каза болгон адамдын сөөгү ал көз жумгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде изоляцияга алынышы керек. Көп өтпөй оорукананын жетекчиси кызматынан алынган.

"Маселенин негизи көз жумган адамдардын жакындардында. Эгерде бейтап оор абалда болсо, биз жакындарына айтып эскертебиз. Биз аларга өлгөн адамдын сөөгүн алып кетип, коопсуздук эрежелерин сактап көмгөндү үйрөтүшүбүз керек", - деп билдирген оорукананын жаңы жетекчиси.

Мумбаи штатында жалпы 22 миң 171 адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинен 832 адам көз жумган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости