www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Мамлекеттик медициналык университетинин жетекчилиги окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн жана 5-курстун студенттеринин 60% Душанбе ооруканаларына жардам берүүгө жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Университеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Каххор Носир студенттер өз каалоолору менен жөнөтүлгөн деп айтты.

– Калган 40% – кош бойлуу аялдар же жаш балалуу энелер. Аларды жөнөткөн жокпуз. Ооруканада иштегендер 14 күн бою ошол жерде болот, андан соң дагы 14 күн үй карантинине алынат.

Бул арада айрым студенттер ректорат коронавируска чалдыккан оорулууларды кабыл алган клиникаларга күч менен жөнөтүп жатканын айтышууда.

«Сынак тапшыра албай калган студенттерди 14 күнгө ооруканага жөнөтүшүүдө. Бул учурда алардын сынак тапшырууга мүмкүнчүлүгү болот», – деди атын атагысы келбеген студенттердин бири.

Анын айтымында, 200дөй студент сынак тапшыра албай калган, алардын тизмеси түзүлүп, 8-майдан тартып ооруканаларга жөнөтүлгөн.

Тажикстандын Мамлекеттик медициналык университетинен жылына миңдей дарыгер билим алып чыгат.

Бул арада университеттин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үйлөрдү кыдырып, элге вирус жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканы да айтылууда.

Бир нече күн мурун Тажикстандын президенти COVID-19 вирусуна чалдыккан оорулууларды дарылаган кызматкерлердин маянасын эки эсеге көбөйтүүнү тапшырган. Ошону менен дарыгерлер 200 доллардай маяна алат.

Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Тажикстан 5 миңдей дарыгерге жана 3 миңдей орто медициналык кызматкерге муктаж.

11-майга карата өлкөдө вирус жуктурган адамдардын жалпы саны 612ге жетти, 20 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.org

Последние новости