www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индияда Нойда шаарында мыйзамсыз курулган эки асман тиреген имарат жардырылды, деп билдирет Financial Express.
Видеодо 103 метрлик Supertech эгиз мунаралары 9 секунд ичинде чаңы асманга сапырылганын көрүүгө болот.
Имараттарды жардырууга 3700 килограммдан ашык жардыруучу зат колдонулган. Асман тиреген имараттар Индияда талкаланган эң чоң имараттар болуп калды.
Операция башталганга чейин аймактан 5 миңдей адам эвакуацияланып, кошуна үйлөр калың пленка менен капталган. Полиция аймакты курчоого алып, бир нече жол тосулган.
Бул имараттардын мыйзамдуулугу боюнча соттук териштирүүлөр 9 жылга созулган. Жыйынтыгында курулушчулар асман тиреген имараттардын ортосундагы минималдуу аралыктын нормаларын бузганы белгилүү болгон. 2021-жылдын августунда Индиянын Жогорку Соту имаратты бузууну буйруган.
Булак: NazarNews.kg