www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 22-28-август аралыгында COVID-19дун 179 жаңы учуру катталды.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиргендей, жалпы катталган бейтаптардын 26сы ооруканага жаткырылып, 153ү амбулатордук дарыланышууда.
2022-жылдын 22-августунан 28-августуна чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул оорунун азайгандыгын көрсөтүп турат.
2022-жылдын 8 ай жана 28 күнүндө бардыгы болуп 20 миң COVID-19 учуру катталып, анын ичинен 18 миң 967си (90,5%) лабораториялык тастыкталса, 2001 (9,6%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.
Булак: NazarNews.kg