www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын бийлиги өлкөдө COVID-19дун кайрадан жайылышына жол бербөө максатында санитардык чаралар күчөтүлгөнүн билдирди. Бул чечим жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө эпидемиологиялык абалдын начарлаганы менен түшүндүрүлүүдө.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Навруз Жафаровдун айтымында, эми аэропорттордо жүргүнчүлөрдөн кайрадан коронавирус жок экенин ырастаган тесттер жана эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификаттар талап кылына баштайт.

"Тажикстанга келген жарандар чек ара пункттарынан өтүп жатканда коронавирус жок экендиги тууралуу тест жана вакцина алганы тууралуу сертификат көрсөтүшү керек болот", – деди министрликтин өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости